Мэрия жол кирени 20 сомго көтөрүүгө киришти

Мэрия жол кирени 20 сомго көтөрүүгө киришти

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы автобус жана троллейбустардагы жол киренин акысын көтөрүү тууралуу токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизди.

Мэрия Бишкекте бардык троллейбус жана автобустарда (муниципалдык же жеке менчик экенине карабай) 20 сом кылууну сунуштоодо. Бул жол кирени накталай эмес төлөгөн жарандарга тиешелүү.

Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн 1 айлык электрондук жол кире картасын 430 сом жана калган жарандар үчүн 1,2 миң сом кылуу каралган. Аталган сумманы төлөп, окуучулар менен жарандар 1 ай бою автобус жана троллейбустарга түшүп жүрө алат.

Андан тышкары жаш курагы боюнча пенсияга чыккандар, I, II, III топтогу  майыптар, 7 жашка чейинки балдар, «Кыргыз почтасы» ишканасынын почтальондору автобус-троллейбустарга акысыз түшүшөт. Ал үчүн сүрөтү бар, аты-жөнү жазылган жеке карта алышы керек.

Ошондой эле жол кирени накталай төлөө үчүн өзүнчө тариф белгилүү тууралуу токтом долбоор Бишкек шаардык кеңешинде каралып жатат. Эми аталган токтом долбоорлору шаардык кеңеште каралып, жактырылгандан кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, учурда автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>