Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды
30.10.2023 | 15:29
Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, “Эламан” аттуу мамлекеттик дарыкана 28-октябрда №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашкан. Анда 800дөн ашык аталыштагы дарылар сатылат. Андагы баалар жеке менчик дарыканаларга караганда 10-15%га арзан.
1-ноябрга чейин мамлекеттик дарыканалар дагы Бишкекте жана Ошто, ал эми 10-ноябрга чейин өлкө боюнча ачылат. Министрлик билдиргендей, Бишкекте жалпы 10 дарыкана, Ошто – 3, Ош облусунда – 5, Таласта – 3, Чүйдө – 7, Ысык-Көлдө – 4, Нарында – 3, Жалал-Абадда – 5 жана Баткен облусунда 6 дарыкана ачуу пландалууда. Ошондой эле аларда сатыла турган дарылардын саны да көбөйтүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом