Россия, индия жана кыргыз жарандары. Бишкектеги эки казинонун ээлери аталды

Россия, индия жана кыргыз жарандары. Бишкектеги эки казинонун ээлери аталды

Кыргызстанда иштеп жаткан “Гранд казинодо” Индия жана «Казино Кристал» кумарканасында Россиянын капиталы бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйында финансалын рынокту көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Нурлан  Умтуловдун маалыматында, “Гранд казино” 80 пайызы «Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез» компаниясына 20 пайызы Азат Бурканого тиешелүү.

Ал эми «Казино Кристалдын» 37 пайызы Сүйүнбек Уметалиев, Назим Айткулов – 10 пайыз, Чубак Асанов – 53 пайыз үлүшү таандык.

Депутат Султанбай Айжигитов кумарканалар аркылуу чет өлкөдөн келген акчаны адалдаштыруу аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Анын казинолордун акча жүгүртүгүнүн жалпы көлөмү боюнча суроого фискалдык органдар так жооп бере алышкан жок.

«Бул кир жуучу машинага айланды. Акчаларын жууп, тазалап кайра алып кетип жатышат», — деди ал.

Эки казинодон бир жылда 84 миллион салык түшүп, 168 миллион сомго лицензия берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>