Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Ысык-Көл музыкалык драма театры Бакудагы фестивалдын баш байгесин утту
05.11.2023 | 12:30
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжанда өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эл аралык театр фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Бакудагы фестивалда көрүүчүлөрдүн назарына жазуучу Султан Раевдин чыгармасы боюнча коюлган “Күн кармаган бала” спектаклын сунуштаган. Спектаклды жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.
Аталган фестиваль ТҮРКСОЙ уюму тарабынан алгач ирет өткөрүлдү. Келерки фестиваль 2024-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз