Бишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жетти
Адахан Мадумаровдун уулу 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды
05.11.2023 | 13:27
Депутат Адахан Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаров мас абалында унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна таянып АКИpress агенттиги жазды.
Токтомдо жазылгандай, Нурмухаммед Мадумаров жол милиция кызматкерлери тарабынан 29-октябрда Ford Fusion унаасын мас абалында айдап жүргөндө кармалган.
2-ноябрда соттук отурум болуп, Нурмухаммед Мадумаров 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган.
Нурмухаммед Мадумаров күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом