Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Көлбаевдин өлүмүнөн кийин кармалган ишкерлердин бири үй камагына чыкты
09.11.2023 | 11:31
«Эмарк Групп» жана «Бурана Гранд» курулуш компанияларынын негиздөөчүсү Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ал 4-январга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагында камоодо болот.
Чолпонбек Акматов 12-октябрда кармалган.
Бишкектин Октябрь райондук соту «Авангард стиль» компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеевди үй камагына чыгарды. Ал дагы октябрь айында камоого алынган
Белгилей кетсек, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин бир нече ишкерлер Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешени адалдоо» беренеси боюнча шектелип кармалган. Алардын арасында төрт курулуш компаниянын кожоюндары бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом