Шайлообек Атазов УКМКда сурак берүүдө (видео)

Шайлообек Атазов УКМКда сурак берүүдө (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал күбө катары чакырылды.

«Буга чейин менин шайлоо штабымда иштегендерди, жардамчы балдарды суракка алышкан. Эки жыл мурда өткөн шайлоого байланыштуу ишке күбө катары чакырышты”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, УКМК  Атазовдун шайлоо штабынын башчысы Кеңешбек Жумабаевди добуш сатып алуу шеги менен кармап, ал 24-ноябрга чейин камалган.

2-ноябрда Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен бирге бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун «мафиясы» жок кылынарын айткан.

Шайлообек Атазов Райымбек Матраимовду ачык колдоп келген депутаттардан. Ал мурдагы бажы кызматкерин колдоо митингине дагы катышкан.

Эл өкүлү Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын  тарапташтарына кысым көрсөтүлүп, кыйноого алынып жатканын билдирген. Ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, алардын кабыл алуусун суранган.

Парламент депутаты Жапаров менен Ташиевден жолугушуу суранды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>