Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Кыргызстан 9 айда 9,9 тонна алтын экспорттогон. Алтындын 1 граммы канчадан сатылган?
14.11.2023 | 11:45
Быйыл 9 айда Кыргызстан чет жакка 9,9 тонна алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып “Акчабар” каржы порталы жазды.
Маалыматка караганда, Кыргызстан алтынды Швейцария, Гонконг жана Бириккен Араб Эмираттарына саткан. Швейцарияга 9 айда 8,03 тонна, Гонконгго 984,3 кг жана Бириккен Араб Эмираттарына 908,8 кг алтын экспорттолгон.
Ал эми сентябрь айында Кыргызстан аталган үч өлкөгө 1,2 тонна алтын саткан: Швейцарияга 882,2 кг, БАЭге 326,3 кг жана Гонконгго 1 кг.
Аталган үч өлкөгө сатылган алтындын 1 трой унциясынын (31,1034768 граммдын) орточо баасы 1 миң 941,8 долларды түзгөн. Швейцария 1 грамм алтынды 62,59 доллардан, БАЭ – 62,45 жана Гонконг 61,1 доллардан сатып алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз