Бишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулуудаБир ай мурун эркек кишини сабап кетишкен. Новопокровкада эки шектүү кармалдыБаткен облусундагы Жаңы Достук айылына тургундар көчүп келүүдөАгартуу министрлигинде мектептерге француз тили сабагын киргизүү мүмкүнчүлүгү каралдыБишкекте унааларды текшерүүгө багытталган ири рейддер өткөрүлүүдөАба ырайы: 23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт
Кыргызстандык парадзюдочулар Токиодогу мелдешке катышат
24.11.2023 | 12:38
Кыргызстандык парадзюдочулар Японияда өтө турган “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 30-ноябрдан 6-декабрга чейин Токиодо өтөт. Кыргызстандан бул мелдешке 4 спортчу барат.
Курама команданын тизмеси:
– Хайитхон Хусан кызы (48 кг);
– Давран Садыков (90 кг);
– Алихан Жумагулов (60 кг);
– Маматибраим Суранов (73 кг).
Курама команда башкы машыктыруучу Канат Имиянов жана машыктыруучу Байбол Саламат уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз