«Манас» аэропорту акыркы үч жылда тейленген каттамдардын жалпы саны 27%га өстү. Бул тууралуу «Акчабар» эл аралык аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновго шилтеп кабарлайт.
Ал эми эл аралык каттамдар 31%, ал эми ички каттамдар 19% көбөйдү.
Жылдын аягында жалпы каттамдардын саны дээрлик 43 миңди түздү.
Акыркы үч жылдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу 41% өсүп, анын ичинен эл аралык жүргүнчүлөрдүн агымы 53%га, ички каттамдар 17%га жогорулады.
“Манас” аэропорту тейлеген жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5 млн 606 миң 912 жүргүнчүнү түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 480 миң 985 жүргүнчүгө же 9%га көп болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз