Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маекАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилди
Арстан Алай каза болду
05.01.2024 | 12:20
Молдовановка абагында кармалып жаткан Арстан Алай каза болду. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу кызматы таксыктады.
Эскерте кетсек, Арстан Алай декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган.
УКМК ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Арстан Алай 1968-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Ал ишкерлик менен алектенип, бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан. Коомдо “кыш болбойт” билдирүүсү менен белгилүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом