Кыргызстанда бир жумада 200дөн ашык мас айдоочу кармалды

08.01.2024 | 19:40

Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 16 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 1-январдан  тартып, 7-январга чейин, алдын ала маалымат боюнча 16195  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196 ;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -208;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-32;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-754 ;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2080;

-Авто ээнбаштык – 7;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3442;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9472;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1091 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top