Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Эми ишкерлер Салык кызматына онлайн каттоодон өтө алат
12.01.2024 | 14:28
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо сервисин ишке киргизди.
Эми жарандар салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат.
Ал Cabinet.salyk.kg сайтынан “Каттоо” бөлүмүн тандап, андан кийин “Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү” бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП) же Smart-iD KG колдонууга болот.
Cabinet.salyk.kg сайтынын “Каттоо” бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом