Мыйзам долбоору: Банктар берген насыянын үстөк пайызы азайтылат

Мыйзам долбоору: Банктар берген насыянын үстөк пайызы азайтылат

Жогорку Кенеште финансылык уюмдар тарабынан берилген насыялардын үстөк пайызын түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору бир нече депутат тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоорун талкуулоого депутаттар, Улуттук банктын, Кыргызстандын банктар бирикмесинин жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Демилгечилердин бири депутат Шарапаткан Мажитованын айтымында, аталган мыйзам долбоору насыя алып жүргөн жарандардын сунушу менен иштелип чыккан.

«Мыйзам долбоору улуттук валютабыз сомдун наркын көтөрүү жана анын кеңири колдонулушун камсыздоо максатын көздөйт. Аны менен катар насыянын пайыздык чендерин азайтуу, күрөө коюу талаптарын жеңилдетүү жагы каралууда. Министрлер кабинети тарабынан да мыйзам долбооруна оң корутунду берилип, бир катар сунуштар келтирилген», — деди Мажитова.

Талкуу учурунда депутат Медербек Алиев элдин финансылык сабаттуулун жогорулатуу, банктардагы насыя берүү эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу айткан.

«Ачыгын айтканда, учурда коммерциялык банктарда насыя берүү эрежелери абдан татаал, аны эл үчүн жеңилдетишибиз абзел», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>