Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Оштогу батирден аял кишинин жансыз денеси табылды
12.01.2024 | 20:42
Ош шаарындандагы батирлердин биринен 73 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын куткаруучулары Краснофлотская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышкан. Анын ичинен 1950-жылы туулган Б.Л. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар