Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
42 жаштагы аял “жин чыгаруу” учурунда каза тапты
26.01.2024 | 09:55
Ташкент облусунда 42 жаштагы аял экзорцизм учурунда көз жумду. Бул тууралуу өзбек медиасы билдирет.
Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын аягында болгон.
Аял неврологиялык оору менен ооругандыктан, туугандары аны молдого алып келишкен. “Жин чыгаруу” үчүн 1 миллион сум талап кылган.
Эки киши бир саат бою сүрөлөрдү окуп, акырында балка менен жинди кууп башташкан. Мындай кыйноодон жабырлануучунун кабыргалары сынып, ички органдары жарылып, ичтен кан кетип көз жумган.
Экзорцисттер 3 жана 2,5 жылга эркинен ажыратылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом