Кыргыз-кытай чек арасындагы жер титирөө: Курулуш агенттиги 214 объектти текшерди

Кыргыз-кытай чек арасындагы жер титирөө: Курулуш агенттиги 214 объектти текшерди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жакта 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин 214 көп кабаттуу турак жай текшерилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба мамлекттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, агенттиктин Бишкек шаары боюнча курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана ишженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун инспекторлору тарабынан курулуп жаткан жана пайдаланууга берилген (жарандар жашап жаткан) көп кабаттуу турак жайлардын монолиттүү темир-бетон каркастарынын, тосмо конструкциялардын жана жасалгалоо иштеринин абалына текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда курулуп жаткан жана жарандар жашап жаткан 214 көп кабаттуу турак-жайларда курулуш дефекттер менен жаракалардын бар же жок экендигине кароо жүргүзүлгөн. Агенттиктин ишеним телефонуна жарандардан түшкөн кайрылуулар боюнча 74 объект, ошнодой эле агенттиктин курулуш реестрине ылайык Бишкек шаарында 101 объект, Чүй облусунда – 25, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда 6 объект текшерилген.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жер титирөөдөн кийин монолиттүү темир-бетон каркастарда, ригелдерде, шыптарда, тосмо конструкцияларында жана жасалгалоо иштеринде эч кандай мүчүлүштүктөр жана бузулуулар, орчундуу жаракалар табылган эмес. Жарандардын кооптонуусуна негиз жок. Ушул себептен улам Курулуш агенттиги тарабынан убактылуу ачылган ишеним телефону өз ишин аяктады», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>