26-февраль: Өлкөдө жаан, кар жаайт«Сөзсүз эле үнүмдү көтөрүшүм керекпи?»: Эрулан Кокулов Тоң районундагы ооруканада ызы-чуу чыгардыМанас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталдыЖанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырдыМектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп бердиРоссиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?
ЖЭБтеги кырсыкты Бакыт Төрөбаев жетектеген атайын комиссия иликтейт
03.02.2024 | 12:11
Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкты иликтөөчү мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.
Ошондой эле Акылбек Жапаров Орусиядан өзгөчө кырдаалдын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келээрин кошумчалады.
Белгилей кетсек, ЖЭБте 2-февраль түнү катуу жарылуу болуп, бир нече отказан иштен чыкты. Учурда 6 отказан жылуулук иштеп чыгууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом