Мурду-кулагы кесилген Асел Кыргызстандан чыгып кетет

Мурду-кулагы кесилген Асел Кыргызстандан чыгып кетет

Мурду-кулагы кесилген Асел Ногойбаева Кыргызстандан чыгып кетүүнү пландоодо. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Ал мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовго чыккан өкүмгө макул эместигин билдирет.

«Мени өлтүрбөгөнү үчүн ага болгону 20 жыл беришти. Ал күнү милиция кирип келбегенде көзүмдү оюп алмак. Бирок тилекке каршы сот мындан оор жаза бере алмак эмес экен, анткени мыйзам ушундай», — дейт Асел.

Ал Азамат Эстебесов мунапыс менен абактан эркиндикке чыгарынан коркот.

«Эки балам менен өлкөдө калуу өтө кооптуу. Бийлик алмашат, кырдаал өзгөрөт, көптөр мени унутуп калышат. Азыр мени бирөө аңдып тургандай боло берет. Түшүмө кайра-кайра ошол күн кирет. Балким, Кыргызстандан кетсем тынч жашап калам», — дейт ал.

Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>