14-мартта «Унаа» мекемесинин Жайыл районундук жана Бишкектеги батыш бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу мамлекеттик ишканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жайыл районунда электр жарыгы өчкөндүктөн, эртең мекеменин бөлүмү жабык болот.
Ал эми батыш бөлүмү имаратты реконструкциялоого жана ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууга байланыштуу ишин токтотот.
«Унаа» мамлекеттик мекеме Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүндө кезек күтүүнүн алдын алуу максатында 2024-жылдын 16-мартынан баштап пилоттук режимде төмөнкү бөлүмдөрдү жети күндүк иш тартибине өткөрөт:
Бишкек шаарындагы Элебесов көч. 206 дарегинде жайгашкан Аламүдүн бөлүмү;
Таш-Дөбө айылы, Больничная көч. 41 дарегинде жайгашкан Таш-Дөбө сектору;
Шопок шаарындагы Машиностроительная көч. 26 дарегинде жайгашкан Сокулук-Москва бөлүмү.
Ошону менен бирге, 2023-жылдын 26-февралынан тартып Бишкек шаардык бөлүмү түшкү тыныгуусуз жети күндүк иш графигине өткөнүн эскертебиз.
Кошумчалай кетсек, борбор калаанын батыш тарабынын тургундары ишембиден шаршембиге чейин саат 08:30-17:30 чейин “РИОМ-Авто” унаа базарынын аймагында жайгашкан Регион аралык бөлүмүнө кайрылса болот.