Ысык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүнБишкектеги Ататүрк паркына жүздү таануу системасы орнотулат
Быйыл Кыргызстан Орусиядан электр энергиясын былтыркыдан 1,5 эсеге көп импорттогон
14.05.2025 | 16:29
Кыргызстан 2025-жылдын 1-кварталында Россиядан келген электр энергиясынын импортун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу Казакстандын «Самрук-Энерго» энергохолдингинин маалыматында айтылды.
Үч айдын ичинде Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен жалпы 142,1 млн киловатт-саат электр энергиясы жеткирилген.
140 млн кВт.саатты түзгөн бул көлөм Кыргызстанда сезонго жараша 2ден 5 күнгө чейинки керектөөгө туура келет.
Электр энергиясын «Интер РАО» ишканасы жеткирип турган. Аталган ишкана Кыргызстанга электр энергиясын 2023-жылдын 15-апрелинен тарта жеткире баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика