Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирдиБишкектеги эң кызыктуу 5 кичи-мейманкана: кино көрсөтүүлөр, экскурсиялар, унаа ижарасы
“Каракол дүң жана чекене соода базасы” мамлекетке өттү
14.05.2025 | 17:45
Жалпы аянты 2 гектар 52 сотых болгон “Каракол дүң жана чекене соода базасы” Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2000-жылы Ак-Суу районунун акиминин чечими менен Гебзе көчөсү, № 200 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер участогу Каракол соода базасынын карамагына берилген.
Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген. Мындан тышкары 2001-жылы аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты “мурдагы чечимдеги техникалык ката” деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган база ыктыярдуу негизде мамлекетке өткөрүлдү
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар