Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

18.03.2024 | 13:59

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сакто министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ымыркайлар 15-мартта №2 клиникалык төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген. Балдардын энеси 35 жашта. Ал кесарево жолу менен төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү.

Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы: кыз – 2 кг 40 гр, эркек бала – 2 кг 270 гр, эркек бала – 2 кг 940 гр.

Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.

Scroll to Top