24.kg маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана жетекчиси алмашты

24.kg маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана жетекчиси алмашты

24.kg маалымат агенттигинин негиздөөчүсү алмашты. Оsoo.kg  сайтында медиа 15-март күнү Гүлжан Шерипбаеванын атына катталганы көрсөтүлөт.

Бирок  Nazarnews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева «Маралга» 24.kgге тиешеси жоктугун айткан.

«24.kgнин кожоюну таптакыр башка. Жетекчиси ким болору бүгүн, эртең Юстиция министрлигинин базасына жарыяланса керек. 24.kgнин мага байланышы да жок, ички саясатын да билбейм. Өзүңөр билесиңер, менин Nazarnews деген сайтым бар. Чынын айтышым керек, мага сунуш түшкөн, бирок баруудан баш тарткам», — деди Шерипбаева.

Эскерте кетсек, 15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, жаап кеткен.  Агенттикке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси менен иш козголгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>