Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгү Дубайдагы эл аралык тактикалык машыгуу мелдешинде 41-орунду ээледи. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Жалпысынан «SWAT challenge 2020» аталышындагы эл аралык тактикалык мелдешке 30 өлкөдөн 54 команда катышкан. Биринчи оорунду Дубай шаарынын полициясы, экинчи орунду Орусиянын «Витязь» атайын бөлүгү, үчүнчү сорунду белорусиялык СОБР алган.
Өзбекстандын атайын даярдыктагы жоокерлери 15-оруду, Армениянын «Альфа» атайын түзүмү 28-орунга ээ болгон.
Мелдештин жүрүшүндө командалар согуштук жана тактикалык иш-аракеттерге даярдыгын көрсөтүшкөн.
Мелдеште биринчи орунду алган командага 70 миң доллар, экинчи орунга 30 үчүнчү орунга 20 миң доллар берилген.