Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөтКитеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылатСентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
Кыргызстандык боксчулар Орусияда өткөн чемпионатта 4 медаль утушту
31.03.2024 | 14:02
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ дүйнө кубогу аталышындагы эл аралык турниринде 4 медаль жеңди. Анын бирөө күмүш, үчөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган кубок Россиянын Нижневартовск шаарында 25-29-мартка чейинки аралыкта өттү.
Байге ээлери:
– Бекзат Эргешов (51 кг) — күмүш медаль;
– Рысбек Бектенов (60 кг), Султан Асанкул уулу (75 кг) жана Ооматбек Элчоро уулу (92 кг) — коло медаль.
Курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт