Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте эки жетим балага батирдин ачкычы тапшырылды
31.03.2024 | 15:40
Бишкекте жетим балдар Айжамал Жеңишбекова менен Халида Кадырбек кызына батирдин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Бишкек шаардык прокуратурасы жетим балдарды үй менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушун мэрияга киргизген. Аны аткарууда шаар мэри Айбек Жунушалиев батирлердин ачкычын тапшырды.
Ачкычтарды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Э.Ыдырыс уулу, бөлүм башчы Д.Каимова жана башкармалыктын прокурору Г.Алымкулова катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар