11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — Абдыров
Өзгөндө 16 жаштагы кыз төрөдү. Милиция 3 айдан бери териштирүүдө
08.04.2024 | 17:20
Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз апрель айынын башында төрөдү. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан ырастады.
Маалыматка караганда, ал уул төрөп, үйүнө чыгарылган.
Жашы жете элек кыздын кош бойлуу экенин райондук милицияга 2023-жылдын 15-декабрында маалым болгон.
Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, 3 айдан бери тергөө амалдары жүрүп, экспертиза дайындалган. Бирок облустук милиция кандай экспертиза дайындалганын тактаган жок. Кылмышка ким шектелип жаткандыгы дагы маалымдалбайт.
“Экспертизанын жыйынтыгы менен маалымат беребиз”, – дейт милиция.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз