Бишкекте жол эрежесин бузуп, бирок айып пулдарды төлөбөгөн айдоочулардын унааларын эвакуация менен алып кетишүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Патрулдук милиция башкармалыгы 15-16-февралда 4 122 жол кыймылын бузууну каттаган. Атайын айып токтотуучу унаа жайына 20 машина жеткирилген, 26 адам унаасын мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган, ал эми 171 – унаа башка жол эрежесин бузушкан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузуп айыпка илинген айдоочулар бир айдан кечиктирбей айып пулду төлөөсү шарт.