Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Садыр Жапаров Германиянын жаңы канцлерин куттуктады
09.05.2025 | 14:26
Өлкө башчы Садыр Жапаров Фридрих Мерцти Германиянын Федералдык канцлери кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Сиздин мамлекеттик кызматтагы зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз Германияны мындан ары өнүктүрүүгө жана Федералдык Өкмөттүн алдында турган маселелерди ишке ашырууга жакшы өбөлгө болот деп терең ишенем.
Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Сиз менен биргеликте иш алып барууга даяр экенимди билдирем.
Улуу Мартабалуу Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө албан ийгиликтерди каалайм», – деген Садыр Жапаров куттуктоо телеграммасында.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат