БАЭ аймактагы абалдын курчушуна байланыштуу фондулук биржаларын жабууда«Хезболла» Израилге чабуул жасады. Израилдин жооп иретиндеги соккуларынан Ливанда 31 адам каза болдуЖогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун жана шайлоочулардын каттарын кароого көзөмөлдү күчөтөтКызыл-Кыядагы базарда уурулук кылып жүрүүгө шектелген жаран кармалдыИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдөТИМ БАЭде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады
Шаршенбеков атаандаштарына бир да упай бербей, Азия чемпионатын утту (видео)
16.04.2024 | 18:39
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Бишкектеги Азия чемпионатында алтын утту.
Шаршенбеков беттештерди 1/8 финалдан баштап, алгач индонезиялык спортчуну 11:0 эсебинде жеңди. Андан кийин өзбекстандык балбанды 8:0 эсебинде утту.
Ал эми жарым финалда ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Алтын үчүн беттеште ал япониялык балбан менен күч сынашып, аны 11:0 эсебинде жеңди. Белгилей кетсек, Шаршенбеков бул чемпионаттагы 4 беттешинде атаандаштарына бир упай бербей, жеңишке жетти.
Бул жеңиши менен Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болууда. Буга чейин ал Азия чемпионатында эки жолу алтын жана эки ирет күмүш байге уткан.