Кыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жатат
Түркия Тажикстанга учкучсуз учак сатып алууга 1,5 миллион доллар берет
17.04.2024 | 11:01
Түркия Тажикстанга аскердик жардам көрсөтүп, 1,5 миллион доллар бөлөт. Бул боюнча келишимди 16-апрелде Тажикстандын парламентти жактырды.
Макулдашууга 2023-жылы кол коюлган.
Ага ылайык Түркиянын өкмөтү берген акчага Тажикстан бул өлкөнүн компанияларынан учкучсуз учактар жана башка аскердик жабдууларды сатып алат. Бирок аларды Түркиянын макулдугусуз башка өлкөгө бере албайт.
ABC.AZ порталынын маалыматында, Душанбе менен Анкаранын аскердик кызматташтыгы муну менен гана чектелбейт. Түркия дагы 2 миллион доллар бөлүп, тажик аскерлерин окутуудан өткөрүүнү көздөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом