Чүйдө тергөөчү сабалып, жаагы сынган. Шектүүлөр кармалды

Чүйдө тергөөчү сабалып, жаагы сынган. Шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерин сабагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя Кант шаарында 14-апрелде таңкы саат 04:00до болгон. Белгисиз адамдар «Маркет-24» дүкөнүнүн жанынан 33 жаштагы К.Р. аттуу жаранды сабап салган. Натыйжада сабалган адамдын жаагы сынып, ал Бишкектеги Улуттук госпиталга жаткырылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция билдиргендей, сабалган адам Ысык-Ата районунун Тергөө кызматынын тергөөчүсү болгон.

Бул ишке шектүү катары 35 жаштагы Д.А., 33 жаштагы И.Т., 35 жаштагы Э.У. аттуу жарандар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин ММКлар жазгандай, алдын ала маалымат боюнча, милиция кызматкерин сабагандар прокуратура, салык жана жергиликтүү бийликтин кызматкери болушат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>