Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Бишкекте УКМК милициянын тергөөчүсүн кармады (видео)
17.04.2024 | 13:11
Бишкекте Ленин райондук милициянын тергөөчүсү (лейтенант) пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, А.Э. аттуу лейтенант кылмыш иши боюнча фигурант болгон адамдан 180 миң сом опузалаган. Болбосо кылмыш иштин беренесин башка оор беренеге өзгөртө турганын айтып коркуткан.
Пара опузалаган тергөөчү 15-апрелде УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан акча алып жатканда кармалган.
Тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.