IT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»Жапаровдун АКШдагы сапары: Кыргызстанда америкалык “Ситибанктын” филиалын ачуу меселеси каралдыКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгоду
Дубайды суу каптады. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
17.04.2024 | 12:46
Дубайдагы суу каптоодо жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Башкы консулдук кыргыз жарандары менен байланышта экени кабарланат.
“Жабыркагандар жок. Мекендештер бири-бирин жоктоп, кабарлашып турат. Бүгүн шаар боюнча эс алуу. Кечээ эле мектептер, бала бакчалар иштеген эмес. Унаасы чөгүп кеткендерге компенсация төлөнүп берилери айтылды”, – деди Reporter.kg’ге кыргызстандык мигранттар.
Белгилей кетсек, 16-апрель күнү Дубайда катуу жаан жаап, көчөлөрдү, имараттарды суу каптады. Аэропорт дагы суу астында калып, каттамдар токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом