Президент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койду
Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Бекзат Алмаз уулу жарым финалда
19.04.2024 | 12:54
Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Бишкектеги Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жаткан Азиялык мелдештин жарым финалына чыкты.
Алмаз уулу 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде палестиналык Али Абурумаиланы 9:2 эсебинде жеңди. Анда кийин кытайлык Ванхао Жуну 3:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Эми ал жарым финалда монголиялык Мункх Эрдене Батхуяг менен күч сынашат. Беттештер саат 18:00до башталат.
Белгилей кетсек, жарым финалда жеңүүчү болгон балбан Олимпиада оюндарына жолдомо алат.