Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койду
06.03.2026 | 10:31

Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын бериле турган “Бала ырысы” аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Төлөмдөрдүн тартиби:
- Жөлөкпул 2026-жылдын 1-июлунан тартып бериле баштайт.
- Төлөмдүн көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
- Жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет.
Президент бул чечим мамлекеттик жөлөкпулдар системасындагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана баланын өнүгүүсүнүн алгачкы жылдарында үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүү максатында кабыл алынганын билдирди. Министрлер Кабинетине жаңы жөлөкпулду киргизүү тартибин иштеп чыгуу тапшырылды.
Бул чара балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтууга багытталган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңдей бала бар. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом