БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантат
«Улуу-Тоо» ресторанында «Кыз узатууга” келген коноктор ууланды
22.04.2024 | 14:02
Бишкек шаарынын Сухэ Батор көчөсүндөгү «Улуу-Тоо» рестораны убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аталган тамактануучу жайда 15-апрелде жана 18-апрелде өткөн “Кыз узатуу” тойлорунда коноктор ууланган.
Биринчи иш чарадан кийин 12, экинчиде 27 адам медициналык жардам сурап кайрылган.
Ресторан текшерилип, тамактардын үлгүсү лабораторияга жөнөтүлдү.
«Улуу-Тоого» 13 миң сом өлчөмүндө айып салынып, анализдер чыкканга чейин иши токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом