Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Кыргызстанда Жеңиш күнүнө карата “Өлбөс полк” жүрүшү өткөрүлбөйт
01.05.2024 | 14:44
Быйыл Кыргызстанда 9-Май – Жеңиш күнүнө карата “Өлбөс полк” жүрүшү өткөрүлбөй турган болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин өлкөдө “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурула тургандыгы кабарланган. Бирок коомдук коопсуздук үчүн коркунучтар бар болгондуктан аталган иш-чараны өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Министрлик жарандарды коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом