«Аферисттер түрмөдөн коркпойт!». Көкүлов элди алданбоого чакырды

«Аферисттер түрмөдөн коркпойт!». Көкүлов элди алданбоого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов өтө көп жаран алданып, акыркы акчасынан айрылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуусунда билдирди.

Эл өкүлү ага көп кайрылуу келип түшүп жатканын белгилейт.

«Эч ким силердин чөнтөгүңөрдо турган акчаны эки эсеге көбөйтүп бербейт. Алар алган акчасын эч качан кайтарбайт. Менин тажрыйбамда бир эле жолу болгон алдамчы 15 миң доллар өлчөмүндөгү карызды кайтарып берген. Бирок көрсө анда ал башка кишини 65 миң долларга алдап жаткан экен. Алар түрмөдөн коркпойт.  Алар алдын ала түрмөгө түшөрүн, канча жыл олтурарын билет», — дейт Эрулан Көкүлов.

Анын айтымында, жарандар сабатсыздыгынан аферисттердин торуна түшүп калат.

«Дүйнөдөгү миллионерлер дагы андай пайыздык чен менен акча бере албайт. Андыктан алданбагыла. Сабаттуу болгула. Аферисттер качанга чейин болот? Эл бир кагазга ишенген сайын алар иши жүрө берет. Силер Россияда жылдап иштеген акчаны алар кантип бир айда эки эсеге көбөйтө алсын? Акча мээнет менен келет», — дейт Көкүлов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>