Коргоо министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөр болдуСауд өнүктүрүү фонду Чүй менен Бишкекке мектептерди салуу үчүн кредит беретПрезиденттин иш башкаруучусунун орун басары алмаштыСадыр Жапаров: Россия менен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөр барАйсулуунун өлүмүнө шектүү адам Камила Дүйшөбаева ишине да тиешеси барбы?Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту
Чач узартуу курсуна нааразы болгон кыз төлөгөн акчасын кайтартып алды
17.05.2024 | 09:00
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгы чач узартуу боюнча курска нааразы болгон кардарга акчасын кайтарып алууга жардам берди. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттик билдирди.
Жарандын айтымында, келишим боюнча курста бир айда 12 сабак өтүлмөк. Бирок адис 3 гана жолу окуткан. Андыктан кардар жөндүү эч нерсе үйрөнө албай калганын айтат.
Кыздын дооматына карабай, уюштуруучулар анын акчасын кайтарып берүүдөн баш тартышкан. Кардар Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча башкармалыкка кайрылууга аргасыз болгон.
Аталган башкармалык кайрылуунун негизинде иш алып барып, кызга 35 миң сому кайтарылып берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом