Ош шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысы
Ош мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалган
17.02.2026 | 17:58

Буга чейин соцтармактарда жана айрым ЖМКларда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан кетип жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бул жаңылык колдонуучулар арасында кызуу талкуу жараткан.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы Reporter.kg редакциясына комментарий берип, бул маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Алардын айтымында, Токторбаевди кызматынан бошотуу тууралуу эч кандай чечим кабыл алынган эмес жана ал өз милдеттерин кадимки режимде аткарууну улантууда.
Мэрия таратылып жаткан маалымат жалган экенин баса белгилеп, жарандарды жалаң гана расмий булактарга ишенүүгө чакырды. Учурда шаар мэри жумуш ордунда, ал эми муниципалитеттин ишмердүүлүгү штаттык режимде уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат