Кыргызстандын президенти коомду өнүктүрүүдөгү жана салттарды сактоодогу аялдардын стратегиялык ролун баса белгиледиБишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталды
Нарында 46 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды
31.05.2024 | 15:12
Нарында кен казуучу компаниянын курулуш шаймандарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 14-майда Солтон-Сарыда кен казган компаниянын курулуш шаймандары уурдалган.
Аталган иш каттоого алынып, ыкчам-тергөө иштери башталган. Натыйжада бул ишке шектүү катары 46 жаштагы У.Ж. аттуу жаран кармалган.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү уурдалган буюмдарды жолдун жээгине катып койгон.
Тергөө иштери уланууда.