Мадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайтАйсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды
Райымбек Матраимов камакта калтырылды
03.06.2024 | 15:26
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы убактысы узартылды.
Белгилүү болгондой, анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылган.
Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов УКМК тарабынан Азербайжандан 26-мартта Бишкекке алынып келген.
УКМК Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканы кабарлаган.
Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулганы белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом