Ош облусунун ички иштер башкармалыгында ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленди.
Иш-чарага облус аймагындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүндө аталган кызматта эмгектенген кызматкерлер, алардын жакын туугандары жана ардагерлер катышты.
Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн бир катар кызматкерлер жана ардагерлер “Ардак грамоталар”, “Алкыш” жана “ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматына 100 жыл” медалы менен сыйланышты.