Американын 22 жараны кыргыз мектептеринде англис тилин үйрөтөт

Американын 22 жараны кыргыз мектептеринде англис тилин үйрөтөт

Тынчтык Корпусунун 22 ыктыярчысы Кыргызстанга келди. Алар Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын орто мектептерде англис тилин окутушат.

Белгилей кетсек, ыктыярчылар 1993-жылдан бери Кыргызстанга келишүүдө.

Алардын 30-тобу август айында Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы катары ант беришип, Кыргызстандагы эки жылдык кызматын башташат. Алар жергиликтүү мугалимдер менен биргеликте иштешишет.

Тынчтык корпусунун маалыматында, Кыргызстандагы ыктыярчылардын саны 53кө жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>