Кантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталды
Бишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилди
03.03.2026 | 15:00

Бүгүн, 3-марттан тарта Бишкек шаарында жаңы №62 маршруттук каттам иштей баштады. Бул багыт Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейинки аралыкты тейлейт.
Мэриянын маалыматында, каттамга экологиялык электробустар чыгарылды. Кыймыл багыты Б. Алыкулов, Л. Толстой жана Ауэзов көчөлөрү аркылуу өтөт.
Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруу жана борбордук көчөлөрдөгү жол тыгындарын азайтуу максатында уюштурулду. Буга чейин ушул эле негизде №35, №45, №61 жана №51 каттамдардын кыймыл-чиймелери өзгөртүлгөн.
Мэрия транспорттук каттамдардын багыттарын этап-этабы менен өзгөртүү иштери улантыларын билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом