Кан донорунун күнү. Бүгүн өлкө боюнча 300дөй адам кан тапшырды

Кан донорунун күнү. Бүгүн өлкө боюнча 300дөй адам кан тапшырды

Бүгүн 14-июнда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда Дүйнөлүк кан донорунун күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Кан донорунун күнүнө карата Кыргызстанда жарандарды ыктыярдуу түрдө кан тапшырууга үндөө, донорлордун катарын толуктоо максатында кан топтоо боюнча акция өткөрүлдү. Акциянын алкагында өлкө боюнча кайдыгер болбогон 300гө жакын адам донор болуп, кан тапшырган.

Кыргызстандын Республикалык кан борбору жыл сайына 30 миң 500 литрдей кан дайындайт. Ошол эле учурда өлкөдө кан донорлорунун саны аздык кылат. Маселен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча 1 миң адамга 40 донор туура келиши керек. Ал эми Кыргызстанда 1 миң кишиге болгону 13 донор туура келет.

Саламаттык сактоо министрлиги кан донору болуу менен башка бир адамдын өмүрүн куткарууга болорун белгилейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>