ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте мурдагы чиновник мас абалда кармалып, кайгуул кызматкерин коркутту (видео)
18.06.2024 | 19:15
Бишкек мэриясынын жана президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн мурдагы аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Мурдагы чиновник 17-июнда Бишкектин Манас проспектисинде мас абалда унаа башкарып бара жатканда токтотулган.
Садырбеков милициянын кайгуул кызматкерлерине орой мамиле жасап, сөгүнүп, алардын бирин “эртең жумуштан айрыласың” деп коркуткан. Анын коркутууларына карабай кайгуул кызматкелери Азиз Садырбековго протокол түзүп, унаасын айып короосуна койгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом