Бишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдө
Түрк мамлекеттеринин “НАТОсун” түзүү сунушталды
19.06.2024 | 09:56
Түрк мамлекеттеринин коопсуздук уюмун түзүү сунушталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев Шуше шаарында өткөн конференцияда билдирди.
Анын айтымында, түрк өлкөлөрү аймактык коопсуздук жаатында тыгыз байланышы керек.
“Учурдагы шартта түрк дүйнөсүнүн өзүнүн коопсуздук тутумун түзүү зарыл болуп турат. Анда ар бир өлкөнүн коопсуздугу жалпы аймактын кызыкчылыгында болушу шарт. НАТО же ЖККУ сыяктуу уюмдарды түзүү керек”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстан коопсуздук жаатында ЖККУ жана ШКУга мүчө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом